Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын 12 жаштагы тургуну Дастан Кутпидинов кайрылып, өлкө башчысы Садыр Жапаровго жазган катын жөнөттү.
Анда Дастан мамлекет башчысын жаңы жыл майрамы менен куттуктап, жашоо-шартын баяндап өткөн.
Айтымында, Дастан учурда Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашайт. 6-класстын окуучусу сүрөт тартып, ыр жазууга кызыгарын, мындан тышкары футболду мыкты ойноорун айтып өткөн.
"Саламатсызбы, Садыр Жапаров, келе жаткан жаңы жылыңыз менен!
Садыр Нуркожоевич өз элин сактаган,
Эч качан элин, жерин сатпаган.
Эли үчүн өз жанын аябай,
Жада калса курмандыкка аттанган.
Келе жаткан жаңы жылыңыз кут болсун,
Башыңызга бакыт-таалай куш консун.
Өмүрүңүз көпкө кеткен узун болсун,
Жаныңызда ар дайым бакыт болсун.
Сизге кайрылуумдун себеби, мен 5 бир тууганмын. Бишкекте шарты начар, көк жыттанып, ден соолукка зыян берген батирде турабыз. Эки жарым жаштагы бөбөгүм өнөкөт бронхит менен ооруп калды. 2 ай сайын ооруканага жатат. Бөбөгүмө ден соолук керек. Онлайн сабактар өтүп жатат. Менде телефон жок. Ошондуктан сиз мага жардам берет деп ишенем. Бизге убактылуу үй керек", - деп жазган Дастан.
Дастандын атасы уулу президентке 2 жылдан бери кат жазып, бирок тийиштүү дарекке жетпей жатканы себептүү ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылууга туура келгенин кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.