Бишкектеги СИЗО-1ге 6 литр коньякты чайдын бөтөлкөсүнө куюп киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда ЖАКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жаза аткаруу кызматынын № 21 мекемесинде 1995-жылы туулган Д.А.Б. аттуу жергиликтүү тургун Казакстандын жараны М.М.В.га тыюу салынган алкоголдук ичимдиктерди берүүгө аракет кылган учурда кармалды.
Ал чайдын желим бөтөлкөлөрүнө куюлган 6 литр коньяк берүүнү пландаганы айтылат.
Бул факты боюнча азыр тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.