Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны деп тандады. Бул тууралуу федерациянын сайтына жарыяланды.
Ал 10-18-сентябрь күндөрү Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун алтын байгесине ээ болгон. Мындан сырткары, Шаршенбеков Азия чемпиондугунда жана Ислам оюндарында алтын медаль, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингдик Turlykhanov Cup, эл аралык Dan Kolov - Nikola Petrov Tournament мелдешинде коло байгени багындырган.
Анын ар бир беттешиндеги ийгиликтери 60 килограмм салмак категориясында UWW федерациясынын рейтингинде 1-орунду камсыздоого өбөлгө болду.
Белгилей кетсек, буга чейин Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов 2022-жылдын жыйынтыгы менен "Тарых жаратуучу" наамына татыган.