Ош шаарында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү.
Калаа мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, 30-декабрда өткөн иш-чарада бир катар бажы кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
"Оштун мэри Бакытбек Жетигенов куттуктоосунда бюджеттин киреше бөлүгүн жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууда бажы кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгиледи. Ошондой эле бир катар муниципалдык кызматкерлерге ЖӨБ союзунун сыйлыктары тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.