"Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамы таэквондо боюнча эки спортчуга ыйгарылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын маалыматында айтылат. Алар Султан Мусаев жана Ануарбек Ибраев аттуу спортчулар экени белгиленди.
- Мусаев Султан Мекенович 2003-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти. Ушул жылы таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугунун чемпиону.
- Ибраев Ануарбек Рустамович 2003-жылы туулган. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенти. Ал дагы Дүйнө чемпиондугунда биринчи орунду камсыз кылган.