Бишкекте бакчада баланын сабалган окуясы боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын 3-январь күнү интернетке Бишкектеги жеке бала бакчалардын биринде баланы аял сабап жаткан видео тараган.
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ошол эле учурда тиешелүү экспертизалар да дайындалган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган окуя 5-кичи райондо жайгашкан инклюзивдик билим берүү борборлорунун биринде болгондугу аныкталган.
Ал эми сабалган М.Н. аттуу бала экени такталды. Ал аталган борборго 2022-жылдын август айынан тарта барып жүргөнү белгилүү болду.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.