"Иске ууланып...". Кадамжайда бир үй-бүлөдөн 6 адам көз жумду

Баткендин Кадамжай районунун Алга айылында электр мешинен чыккан иске ууланып бир үй-бүлөдөн алты адам көз жумган. Окуя 29-декабрга караган түнү орун алганын Алга айыл өкмөтүнөн тастыкташты.
Каза болгондор:
- Н.Р. 1986-жылы туулган эркек;
- К.Ж. 1987-жылы туулган аял;
- Ж.А. 2014-жылы туулган кыз;
- Ж.И. 2016-жылы туулган бала;
- Ж.Т. 2013-жылы туулган бала.
Маркум балдардын бири жубайлардын бир тууганынын баласы экени айтылды.
Алдын ала маалымат боюнча, алар жашаган үйүн жылытуу үчүн эки электр мешин иштетип келишкен. Эки меш бир убакытта иштеп жаткандыктан электр кубатына күч келип, үйдүн кире беришиндеги бөлмөдө электр чубалгысы үзүлгөнүн айтышты.
Үй ээси ошол электр чубалгысына урунуп каза тапкан деп божомолдонууда. Ал эми үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү иске ууланып көз жумганы айтылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema11
2023-01-04 16:33:00
Кудай ай, кандай гана өкүнүчтүү . Жаткан жерлери Жаннаттан болсун. Кичикей периштелер. Ушундай ток менен иштечуу мештер коркунучтуу экен да . Эххх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан