"Машыктыруучуну алмаштыруу, бекер каттам..". Криштиану Роналдунун "Аль-Насср" клубундагы шарттары ачыкталды

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабиянын "Аль-Насср" клубунда өзгөчө артыкчылыктарга ээ болот. Бул тууралуу белгилүү Marca басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, португалиялык футболчу жайында Чемпиондор Лигасында ойноо үчүн Европага кайтып келиши мүмкүн. Сауд Арабиянын "Аль-Насср" клубу менен түзгөн келишиминде эгер Англиянын "Ньюкасл" командасы Чемпиондор Лигасына чыкса, Роналду "Ньюкаслга" ижарага өтө алат деген пункт бар.

"Ньюкасл" командасы "Аль-Насср" сыяктуу Сауд Арабиянын Мамлекеттик инвестициялык фондуна таандык.

Ошондой эле Роналду клубдагы башкы машыктыруучуну алмаштыра алат. Албетте, футболчуга машыктыруучу жакпаса. Мындан тышкары Роналду Испания менен Португалияга бекер учуп барып келе алат.

Роналду учурда "Аль-Насср" клубунда күнүнө 44 миллион сом табат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан