
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-январь күнү саат 19:03тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Көк-Арт жана Кан-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.