Бишкек шаарында үйлөнүү үчүн 21 жаштагы кызды ала качууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 27-декабрында милиция кызматкерлерине 21 жаштагы К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал эки жигит муз аянтчасынан үйүнө жеткиребиз деп убада берип, бирок ала качып кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган М.Ч. жана 1992-жылы туулган Б.К. аттуу жарандар кармалды.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.