Ош шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-январь түнү саат 3:00 чамасында Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунааны Ош шаардык кайгуул кызматкерлери тосушкан, бирок айдоочу унааны токтотпой кетип калган.
Жол тескөөчүлөрү артынан кууп, кармаган учурда А.С. аттуу айдоочусу унааны Урицкая 126 дарегинде токтоп турган жеринен айдап чыкканын айткан. Бирок кызматкерлер тарабынан уурдап бара жаткандыгы аныкталды.
"Унаанын терезесинде чапталып турган номурга байланышканда ээси унаасы короодо токтоп тургандыгын айткан. Андан соң автоунаасы ордунда жок экендигин билдирип, кызматкерлерге ыраазычылыгын айтты", - деп билдирди кайгуул кызматынан.
Бул факты боюнча унаа атайын айып короо жайына токтотулуп, кармалган жаран Ош ШИИБинин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилген. Айдоочунун жанынан автоунааны жүргүзүүчү атайын ачкыч жана бурагыч алынган.
"Унааны уурдоого шектелген өспүрүм дагы бир унааны Жалал-Абадга алып барып койгонун билдирди. Аталган жаран дагы бир нече унааны уурдоого тиешеси бар болушу мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.