Бишкек шаарында 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков дайынсыз болуп изделип жатат. Маалыматты Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматтарга караганда, кечээ, 8-январда анын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Анда баласы 7-январда саат 5:00 чамасында Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыккан боюнча жүргөн жери дайынсыз болуп жатканын айтып, жардам сураган.
Аталган факты Ленин РИИБинин бирдиктүү маалыматтар журналына катталып, тергөөгө чейин текшерүү иштери башталган.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык чырай, көзү, чачы кара.
Бетинин сол тарабында шрамы бар.
Кийген кийимдери: кара түстөгү күрмө, кара түстөгү топу, кара шым, кара түстөгү велосипед тээп жүргөн.