Кыргызстанда өткөн жумада (2-январдан 8-январга чейин) COVID-19 илдети 6 адамдан аныкталды. Бул жөнүндө Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматында жазылат.
Тиешелүү мекеме билдиргендей, 6 бейтаптын баары амбулатордук дарыланууда.
Эске салсак, өлкөдө пандемия башталгандан бери (2020-жылы март айы) коронавирустун 206 586 учуру катталган.