Бишкек шаарында таштандыны иргей турган атайын жай иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Пилоттук долбоордун алкагында иргөөчү жай Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашкан.
"Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган.
Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.
Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды", - деп билдиришти мэриядан.
Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулду. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.