Мамлекеттик чек ара кызматкерлеринин арасында спартакиада өтөт

Кыргызстанда мамлекеттик чек ара кызматкерлеринин арасында спартакиада өтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Спорттук иш-чара 7-декабрдан 12-декабрга чейин Бишкек шаарында өтөт. Спартакиаданы өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштуруп жатат. Мелдештин максаты - күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлердин ортосундагы ич-ара мамилелерди жогорку деңгээлге чыгаруу жана алардын кара күч жактан даярдыгын жакшыртуу. Оюндар спорттун 12 түрү боюнча жүргүзүлөт. 7-декабрда жеңил атлетика, стол тенниси, волейбол, бильярд, кол күрөш, дартс, мылтыктан ок атуу жана кичи футбол боюнча мелдештер өттү. Алдын ала оюндардын жыйынтыгы менен жарым финалга өтчү командалар аныкталат. Чек арачылар аркан тартыш, тогуз коргоол, гиря көтөрүү жана шахмат боюнча да күч сынашмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azamat1992kg
2013-12-09 15:02:21
Бир эле чек ара кызматкерлери эмес да. КР Мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасы болуп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан