Бир күндө эки легендарлуу футболчу карьерасын жыйынтыктады

Уэльс улуттук курама командасынын чабуулчусу Гарет Бэйл футболдогу карьерасын жыйынтыктады.

Гарет Бэйлдин карьерасындагы акыркы клуб АКШнын "Лос-Анжелес" клубу болуп калды. Уэльстик футболчу буга чейин Европада "Саутгемптон", "Тоттенхэм" жана "Реал Мадрид" клубдарында ойногон. Бэйл көптөгөн наамдарды, анын ичинде беш Чемпиондор Лигасын жеңген.

Ноябрь айында 33 жаштагы Гарет Бэйл Уэльс курама командасы менен Дүйнө чемпиондугунда катышкан. Тилекке каршы, бул курама өзүнүн тайпасынан чыга алган эмес.

Ошондой эле Франция курама командасынын капитаны жана дарбазачысы Уго Льорис улуттук курамадагы карьерасы аяктаганын жарыялады.

Франциянын курамында Льорис 145 беттеш өткөргөн, бул улуттук курама үчүн рекорд. Капитан катары дарбазачы өз командасын 121 оюнда талаага алып чыкты, бул дагы уникалдуу жетишкендик. Франция курама командасы менен бирге Льорис 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунун, 2021-жылы Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү жана 2022-жылы дүйнөнүн вице-чемпиону болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан