Чүй облусунун Жайыл районунда атчан адам жолдо кетип бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасына урунуп, ооруканада каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсыгы кечээ, 9-январь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында болгон. Анда 37 жаштагы жаран өзүнө тиешелүү Мерседес Бенц Спринтер унаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатканда, Бишкек-Ош жолунун 60-чакырымынан атчан адам келип сүзүлгөн.
Атчан адам 1976-жылы туулган С.Б аттуу жаран болгон. Ал Жайыл райондук ооруканасында каза болду.