Бишкекте 16 жаштагы кыз 12-кабаттан кулап, каза болду

Бишкекте 16 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап каза болду. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Андагы маалыматта, окуя кечээ, 9-январь күнү болгон. Анда саат 08:41де Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кыз кулап кеткендиги тууралуу чалуу милицияга түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кулап кеткен кыз 2007-жылы туулган К.Н. аттуу кыз экендигин аныкташкан. Кыз каза болгон.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Учурда иштин чоо-жайы иликтенип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан