Биз социалдык тармакта

Бурулайдын окуясынан улам иштен алынган Марлис Асанов Ош ШИИБге жетекчи болду

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Марлис Асанов дайындалды. Аны жаңы кызматка дайындоо боюнча буйрук бүгүн, 10-январда чыкканын SUPER.KG порталына Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Эскерте кетсек, Марлис Асанов 2018-жылы Чүй облустук милициясынын башчысынын орун басары болуп турганда 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын Жайыл РИИБинде өлтүрүлүшүнөн улам кызматтан алынган эле.
Кийинчерээк Талас облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп баштаган. Учурда ал жактан ротация болуп жатат.
Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп келген Акылбек Мамасейитовдун башка кызматка которулары айтылып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ekb92
2023-01-10 20:02:00
Бул агабыздын же жакшы крышасы бар, же болбосом результаты жакшы. Мындай дегеним менен эчжерде окубай даже служба кылбай начальник ГАИ болуп алгандар аз эмес, например Ала Бука районунун ГАИ начальниги
0
XATSAN125
2023-01-12 11:43:00
Ekb92 ат жонун толук жаз азыр бат эле иабышат
0
Sajakat14
2023-01-11 03:34:00
Мыйзам иштебейт, акчага баарын сатып алса болот. Таң калуу жок өнүкпөй жатканыбызга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан