Биз социалдык тармакта

Токтогул милициясы опузалап акча талап кылууга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Токтогул милициясы опузалап акча талап кылууга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 8-январь күнү 28 жаштагы тургун милицияга арыз менен кайрылган. Арызында 31-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Токтогул шаарынын борбордук базарында соода кылып жаткан дүкөнүнө бейтааныш болгон 25-30 жаштардагы бала келип, эч бир себепсиз коркутуп, опузалап 5000 сом акча талап кылганын билдирген.

Андан кийин ушул жылдын 8-январь күнү саат 15:00 чамасында Токтогул шаарында өзүнүн жеӊил унаасында кетип бара жатканда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаада опузалап талап кылган бала 2 бейтааныш шериктери менен келип токтотуп, автоунаасына салып кетишкен. Алар Токтогул районундагы каналдын жанына алып барып, оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, уруп-тепкилеп, денесине жаракат келтиргенин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун денесинен алган жарааттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Токтогул районунун тургуну 1995-жылы туулган М.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми дагы бир Токтогул районунун 1995-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну кармалып, тергөөгө камсыздалган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан