Төкмө акын Болот Назаров дагы эки айга камакта калтырылды. Мындай чечимди Москва райондук соту чыгарды.
Маалымдалгандай, соттук отурум бүгүн, 10-январда өткөн. Анын чечимине ылайык, акын 16-мартка чейин №1 тергөө абагында калат.
Былтыр 9-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жылкы уурдоого шектелип, төкмө акын Болот Назаров кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.