Испания курамасынын жана каталондук "Барселона" клубунун жарым коргоочусу Серхио Бускетс карьерасын Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунда улантышы мүмкүн.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Криштиану Роналдунун жаңы клубу 34 жаштагы Серхио Бускетске эле эмес, Франция курамасынын жылдызы менен дагы келишим түзүүнү каалайт.
"Аль-Наср" клубу "Барселонанын" жарым коргоочусуна көңүл бурду. Сауд арабиялык клуб Криштиану Роналду менен бирге ойноо үчүн оюнчуга жылына 13 миллион евро сунуш кылууга даяр. Эр-Рияддын клубу көз салып турган дагы бир оюнчу - бул Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү Н'Голо Канте", - деп жазды ESPN басылмасы.
Белгилей кетсек, эки оюнчунун тең клубдары менен келишими жай айында аяктайт.