ИИМ "ОК-платформа" интернет сайтынан жабыркагандарды издеп жатат

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда "ОК-платформа" интернет сайтынан жабыркагандарды издеп жатат.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Ж.К. аттуу жаран ИИМдин Тергөө кызматына кайрылып, С.И.Эгембердиевге карата чара көрүүнү суранган. Себеби, ал 2022-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин "ОК-Платформа" сайты аркылуу каражаттарды көбөйтүү шылтоосу менен пирамидалык схеманы уюштуруп, алдамчылык жолу менен 23 миң долларын алгандыгын билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жогорудагы Эгембердиев аттуу жаран кармалды.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө 28 жаран ушундай эле арыз-даттануулар менен кайрылышкан. Арызда көрсөтүлгөн дооматтардын негизинде кылмыш иштери козголуп, бардык иштер бир өндүрүшкө бириктирилип тергөө иштери башталган.

"Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жогоруда аталган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган адамдарды аныктоо иштери улантылууда", - деп билдиришти ИИМден.

Буга байланыштуу шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан бардык жарандарды ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууну суранат. Байланыш телефондору: 0550233747, 0702373770, 0773398585, 0709008887 , 0312266108.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан