Олимпиада чемпиону баш болгон 8 өлкөнүн балбан кыздары Бишкекте машыгуу өткөрүүдө (видео)

Бишкек шаарында Норвегия, Венгрия, Эстония, Италия, Литва, Молдова, АКШ жана Казакстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курама командалары Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы менен биргеликте эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өтүп жатат.

Жалпы аталган өлкөлөрдөн 50гө жакын спортчу жана алардын машыктыруучулары келди. Спортчулар окуу-машыгуу жыйынын Бишкек шаарындагы жаңы ачылган кыз-келиндер курама командасынын спорттук залында өткөрүп жатышат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында өлкө башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен кыз-келиндер курама командасынын залы салынып, ишке берилген. Учурда зал бардык талапка жооп бергендиктен эл аралык окуу-машыгуулар өткөрүлүп баштады.

8 өлкөнүн балбан кыздары Бишкекте машыгуу өткөрүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан