Бүгүн, 9-декабрда жаңыланган WTA`нын рейтингинде кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина 372-орунду сактап калды. Бул тууралуу WTA`нын (Айымдардын теннис ассоциациясы) расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктын теннисчи карамагындагы 113 упай менен рейтингде 372-орунду ээлеп турат.
Эске салсак, декабрь айынын башындагы рейтингде Ксения Палкина ушул эле орунда болчу.