Биз социалдык тармакта

Өлкөдө кылмыштуу топтун канча мүчөсү каттоодо турары айтылды

Өлкөдө Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январдагы маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

"2022-жылдын ичинде ар кандай кылмыш фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 153 субъектилери кармалып, жоопко тартылууда. Ошондой эле издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалган. Кармалгандардын ичинен 17си крим чөйрөдө өзгөчө статусу бар. Ишкерлерге карата зыян келтирүү боюнча кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармалган. Кармалган кылмыштуу топтор боюнча 157 кылмыш фактысы бар. Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда 1199 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү каттоодо турат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан