Биз социалдык тармакта

Бишкектин бир катар жерлеринде митинг уюштурууга тыюу салынды

Бишкектин бир катар жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 2023-жылдын 1-апрелине чейин төмөнкү жерлерде митинг өткөрүүгө тыюу салынды:

- "Ала-Тоо" аянты жана Эркиндик бульварынын Линейная (темир жол бекети тараптан башталат) көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
- Жогорку Кеңештин имаратынын тегерек-чети;
- Президенттин администрациясынын тегереги;
- Жогорку Соттун имаратынын тегерек-чети;
- Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин айланасы;
- УКМКнын имаратынын тегереги.

Нааразычылык акцияларын Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький аянтында өткөрүүгө уруксат берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан