Бүгүн, 16-январь күнү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын XV ачык чемпионаты старт алды. Бул тууралуу спорт департаментинен билдиришти.
Мелдешке эркектер жана кыз-келиндер арасында улуттук жана жогорку лиганын клубдук командалары катышууда.
Мелдешке жалпы 23 команда (эркектер арасында улуттук лига 8, жогорку лига 8, кыз-келиндер арасында 7) катышып жатат.
Белгилей кетсек, волейбол боюнча өлкө чемпиондугу 22-январга чейин уланат.