Москва шаарында жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган кыргызстандыктар Орусиянын темир жол мейманканасында бекер жашай алышат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Мындай макулдашууга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү жетишти.
Мейманканада 3 адамга чейинки номер бир эле убакта жарандардын документтерин тариздөө/калыбына келтирүү жана аларды Кыргызстанга жөнөтүүгө даярдоо убагына берилет.
Жарандар өкүлчүлүккө төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Москва ш., Малая Полянка көч., 7, 5-бет; тел: +7 495 197 76 71.