Свердлов райондук укук коргоо кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрь күнү Сүйүнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде 1986-жылы туулган Э.Мариза аттуу айымдын денеси табылган. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Аталган кылмышка шектүү делип 1984-жылы туулган Т.Камалдин кармалып, Свердлов райондук соттун чечими менен 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды. Ошондой эле окуя болгон күнү жабырлануучунун алтын жасалгалалары, акчасы жана уюлдук телефону уурдалып кеткен. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.