Германиянын президенти “Сочи-2014” Олимпиада оюндарына барбайт

Германиянын президенти  Йоахим Гаук Сочиде өтчү кышкы Олимпиада оюндарына барбайт. Бул тууралуу президент өзүнүн “Шпигель” жумалыгынын электрондук версиясында жарыялаган. Президент мындай кадамын Орусияда адам укуктары корголбой жатканы менен түшүндүрөт. Сочиде оюндарынын орун аларына байланыштуу Германияда нааразычылык акциялары өттү. Буга Орусияда июнь айында кабыл алынган гомосексуализмди өспүрүмдөр арасында пропагандалоого тыюу салган мыйзам себеп болгон. Кээ бир саясатчылар такыр эле Германиядан спортчуларды жөнөтпөй коюуну сунуштаган. Бирок канцлер Ангела Меркель бул демилгени колдогон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан