Бүгүн, 17-январда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.
Ага ылайык, имараттын ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
"Камчыбек Ташиев мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланарын кошумчалады. Ачылыш аземинен соң Камчыбек Ташиев Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен да жолугушту. Аксакалдар менен пикир алмашып, кызыктырган суроолорго жооп берди", - деп айтылат маалыматта.