Ысык-Атада дайынсыз жоголгон 15 жаштагы бала табылды

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон бала участкалык милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 17-январь күнү Ысык-Ата РИИБине арыз менен Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылынын тургуну кайрылган. Арызында ал 16-январь күнү саат 11:40 чамасында баласы 2007-жылы туулган А.Р. мектепке чыгып кетип, жок болуп жатканын билдирген.
Бул боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон А.Р. табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан