Биз социалдык тармакта

Өтмөктө кар көчкү атып түшүрүлдү

Бүгүн, 17-январь күнү Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун 8-10-чакырымдарындагы “Өтмөк” ашуусунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасы жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Башкармалыктан 3 унаа, 8 кызматкер тартылып, “Өтмөк” ашуусунда кар көчкүнү Куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык эсеби менен атууда 3600 метр куб көлөмдө көчкү түшүп, бактыга жараша Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолуна кар көчкү жеткен жок.
Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын иш-планына ылайык, өлкөнүн кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жолдорунда 13-19-январга чейин кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасы өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан