Муз үстүндө бийлөө боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы Орусияда өткөн Эл аралык мелдеште 5 медаль утушту. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн “Династия кубогу” мелдешине Орусиядан, Финляндиядан, Кыргызстандан жана Прибалтика өлкөлөрүнөн 350 жаш спортчулар катышкан.
Кыргызстандын желеги астында барган 7 спортчунун ичинен 5и байгелүү орундарга илиништи. Алтын медаль Кубат Жүндүбаевге, Милан Мамбеталиевге жана Диера Насирхановага буюрса, Алекс Нам күмүш ээси болду. Жалгыз коло медаль Данил Светличныйдын энчисине жазылды.