"Роналду Месси, Мбаппе, Неймарга каршы". Бүгүн футбол сүйүүчүлөр күткөн беттеш орун алат

Бүгүн, 19-январда Сауд Аравияда “Аль-Наср” курама командасы менен Франциянын "ПСЖ" командасынын жолдоштук беттеши өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, аталган беттешти көрүү үчүн 2 миллион адам билет сатып алган. Ал эми ВИП билеттин баасы аукциондо 2,5 миллион долларга сатылганы айтылган.

Оюн Эр-Рияд шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 23:00дө башталат.

Эске салсак, бул беттеш Криштиану Роналдунун сауд арабиялык “Аль-Наср” клубуна өткөндөн кийинки алгачкы оюну.

Португалиялык футболчу бүгүн Лионель Месси, Килиан Мбаппе, Неймар, Ашраф Хакими жана башка жылдыздуу оюнчуларга каршы ойнойт.

Көпчүлүк алдыдагы беттешти Месси менен Роналдунун тирешинин жаңы раунду катары карап жатканын чет элдик басылмалар жазып жатышат. Легендалар оюн талаасында 2020-жылдын декабрынан бери биринчи жолу жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
patriot.kg94
2023-01-19 12:52:00
Прямой эфир болобу ким билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан