Бүгүн, 20-январга карата чет элдик валюталар курсу менен тааныштырабыз. Өлкөдөгү коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 16 тыйындан 86 сом 20 тыйынга чейин болсо, сатуу 87 сом 20 тыйынга чейин болууда.
Ал эми рублду сатып алуу 1 сом 24 тыйынга чейин болсо, 1 сом 30 тыйынга чейин сатылууда. Ошондой эле еврону сатып алуу 93 сом 40 тыйындан 94 сомго чейин болсо, сатуу 95 сомго чейин болууда.

Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 88 тыйын деп көрсөтүлгөн.