"Ош" эл аралык аэропортунун директору болуп Тимурлан Маданбеков дайындалды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи эмгек жамаатына 19-январда тааныштырылды.
Буга чейин Маданбеков "Манас" эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын директорунун орун басары болуп иштеп келген.