Бүгүн, 21-январда Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 4 кыргыз мушкери беттешке чыгат.
63,5 килограмм салмак категориясында Аскат Култаев Филиппиндин мушкери менен беттешет;
71 килограмм салмакта Нурадин Рустамбек уулу шри-ланкалык мушкер менен кез келет;
75 килограмм салмак даражасында Даниел Абдрахманов жана 80 килограмм салмакта Бекбол Мурасбеков экөө тең казакстандык мушкерлер менен күч сынашат.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 башталат.