Тулалык "Арсенал" клубунун 35 жаштагы дарбазачысы Антон Коченков футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасына кошулууну чечип, Кыргыз жарандыгын алды. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Александр Крестинин Матч-ТВ телеканалына берген маегинде айтты.
"Менин оюмча, тажрыйбалуу дарбазачы Антон Коченков тууралуу азыртадан эле айта берсек болот. Анын Кыргыз жарандыгы боюнча маселе чечилди, эми кийинки беттештерде ойноону пландап жатабыз", - деди Крестинин.
Антон Коченков Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Москванын белгилүү "Локомотив" футбол клубунун бүтүрүүчүсү. Ал Орусиянын "Волга", "Ростов", "Спартак", "Краснодар" жана "Томь" сыяктуу командаларында ойногон.