Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубу бразилиялык коргоочусу Марселону сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Марселону сауд арабиялык клубга чакырууну атактуу футболчу Криштиану Роналду демилгелеген. Эки футболчу көп жылдар бою "Реал Мадрид" клубунда чогуу ойногон.
Марселонун "Аль Насср" клубуна жай айында кошулушу күтүлүүдө.
Марсело 2007-2022-жылдары "Реалдын" курамында ойногон. Ал мадридик клубдун курамында 546 оюнга катышып, 38 гол киргизип, 103 жолу голдук пас чыгарып берген. Ал мадриддик клубдун курамында 25 кубок утуп алган.