Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Эрнист Батырканов мындан аркы карьерасын Малайзия чемпиондугунда улантат.
Кыргыз футболчусу Малайзия Суперлигасынын (D1) "Келантан Юнайтед" футболдук клубу менен келишим түздү.
Өткөн сезондо Батырканов канттык "Абдыш-Атада" ойноп, клубга Кыргызстандын чемпиону жана Кыргызстан Кубогунун ээси болууга жардам берген. Эрнист Батырканов канттык клубдун курамында жалпы 26 беттешке катышып, 13 гол киргизип, 8 жолу голдук пас чыгарып берген.
Transfermarkt порталы 24 жаштагы кыргыз футболчусун 250 миң еврого баалаган.