Футбол боюнча Өзбекстан жаштар курама командасы “Шериктештик кубогу-2014” мелдешине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу өзбекстандык сайттар билдирет.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан жаштар курама командасы Оманда өтүүчү Азия чемпиондугуна катышып жаткандыктан, “Шериктештик кубогу-2014” мелдешинен баш тартат. Анткени бул эки мелдеш өтүүчү даталар дал келип калат.
Эске салсак, жакында ташталган чүчү кулактын жыйынтыгында Өзбекстан курама командасы Латвия, Беларусь жана Казакстан курама командалары менен “С” тайпасында орун алган. Мелдеш 2014-жылдын 2-февралда Санкт-Петербургда орун алат.