Таиландда өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунда (U-22) кыргыз мушкерлери 7 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда кыргыз бокс федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ислам Төрөбаев (54 кг), Аскат Култаев (63,5 кг), Ооматбек Элчоро уулу (92 кг), Ихтияр Нышанов (67 кг), Рустамбек Нурадин уулу (71 кг) Бакыт Токтосун уулу (92 кг) жана Нурсултан Болтобаев (86 кг) аттуу мушкерлер коло байгеге ээ болушкан.
Кыргыз мушкерлери аталган биринчиликке башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетекчилиги астында катышышты. Анда жалпы 13 мушкер өлкө намысын коргогон.
Эске салсак, Азия чемпиондугу Таиланддын борбору Бангкок шаарында 16-январь күнү башталган. Мелдеш 27-январда жыйынтыкталат.