8-декабрда Бишкек шаарында Акыйкатчынын кубогуна арналган мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, командалар аралык жарышка 16 команда түштү. Жыйынтыгында “Автовокзал” командасы 1-орунду, “Минфин-1” командасы 2-орунду ээлесе, үчтүккө “Автопарк” командасы да кирди.
Жаштар арасындагы таймашка жекеликте 30 бильярдчы катышып, Ильяс Шамшидинов чемпион аталды. Азамат Алиев 2-орунду ээлесе, 3-4-орунду Өскөн Арзыматов жана Эрмек Ногойбаевдер бөлүп алды.
Ал эми бильярд сүйүүчүлөрү арасында 28 катышуучунун ичинен Нурлан Асанов чемпион аталды.