Билим берүү жана илим министрлигинин биринчи орун басары болуп Уланбек Усеков дайындалды. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Усековду министрликтин жалпы жамаатына тааныштырды.
“Алдыңызда турган жоопкерчиликтүү милдетти так аткарып, элибизге татыктуу кызмат өтөйсүз деген ишеничтебиз. Билим берүү тармагы - эбегейсиз чоң система. Эмгек жамаат менен мыкты жумуш алып барып, тармактын алдыга жылышына, буга чейинки жүргүзүлүп жаткан, аягына чыкпай калган жумуштарды аягына чыгарасыз деген үмүттөбүз”, - деди Байсалов.
Белгилей кетсек, мурдагы биринчи орун басар Талантбек Бекташов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген ордунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык бошотулган.