Чүй облусунун айрым жолдоруна жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнө 26-январда жана 27-январда убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Мындай чектөө Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин расмий сапар менен келерине байланыштуу киргизилген.
Төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат:
"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда убактылуу чектөөлөрдү эске алып, маршруттук каттамдарды алдын ала пландап, түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз. Ошондой эле чектөөлөр киргизилген көчөлөргө авто унаа каражаттарын токтотпоону, жол кыймылынын эрежелерин бузуп, карама-каршы тилкеге чыкпоону өтүнөбүз", - деп билдиришти мекемеден.