Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык топ Бадахшандын Вахан аймагына барды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 25-январда тараткан маалыматта жазылат.
Билдирмеге таянсак, аталган аймакта ооруларды аныктоо жана тиешелүү дарылоо чаралары башталды.
"Өз кезегинде министрлик ооган тарап менен байланышта. Буга чейин, 17-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Ооганстандын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушуу болуп өттү. Анда Кичи жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздарга медициналык жана башка жардам көрсөтүү маселеси талкууланды", - деп жазылат маалыматта.