
Бүгүн Бишкектеги "Ош базары" иштебейт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта аталган базарда 31-январда өтө турган санитардык күн 26-январга жылдырылгандыгы белгиленген.
"Мындай чечим Өзбекстандын президентинин сапарынан улам Бишкектеги айрым жолдордун жабылгандыгы менен байланыштуу кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Өзбекстандын президенти
Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапары менен бүгүн, 26-январда келет. Анын алкагында 28 документке кол коюлары
маалымдалган.