Бишкекте "Кыргызстан - Өзбекстан" бизнес-форумунун алкагында эки өлкөнүн товарларынын көргөзмөсү өтүп жатат.
Көргөзмөдө эки өлкөдө өндүрүлгөн продукциялардын түрүн көрүүгө болот.
Кыргыз-өзбек форуму Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жатат.
Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.
Бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналары белгиленүүдө.